Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

“ I love KG” коомчулугу 60 тыйынга каршы


Жаш укук коргоочулар түйүндүк кошулуулар үчүн алынып жаткан кошумча төлөмгө каршы акцияларын улантууда. Алар интернет айдыңындагы “Мой Мир” социалдык тармагында уюлдук кошулууга алынган 60 тыйынга байланыштуу сурамжылоо уюштурушкан. Сурамжылоо 15 миң кыргызстандык мүчөсү бар “ I love KG” коомчулугу алкагында өткөрүлгөн. “ I love KG” каттоодо турган 770 кыргызстандык интернет колдоонуучу бул сурамжылоого катышып, 80 % жакыны төлөмдөрдү кымбатташын – тоноочулук деп сыпатташкан.

24-февралда жаш укук коргоочулар түйүндүк кошулуулар үчүн алынып жаткан кошумча төлөмгө каршы Кыргызстандагы алдыңкы байланыш операторлорунун кеңселеринин алдында акция өткөрүшкөн. Дүйшөмбү күнү жаштар акция маалында тартылган сүрөттөрдү жана интернеттеги сурамжылоо жыйынтыгы тиркелген катты өлкөдөгү алдыңкы байланыш операторлорунун башкаруу органдарына жолдошот. (EK)

XS
SM
MD
LG