Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Гаагада Каражичтин соту жанданды


Гаагадагы эл аралык трибуналда босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичтин үстүнөн сот улантылды. Геноцид жана согуш кылмыштары үчүн айыпталган Каражич сот процессинде анын эли өзүн ислам фундаменталисттеринен коргогон деп актанды. Сербия 1992-95-жылы "ыйык жана адилет" иш үчүн урушкан деди Каражич. Мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибуналдын прокурорлору ырастагандай, Каражич Босниянын чыгышында мусулмандар менен хорваттарды кыруу кампаниясын жетектеген. Ал айыптуу деп табылса, өмүр аягына чейин түрмөгө кесилиши ыктымал. Каражич дээрлик 13 жыл жашырынып жүрүп, 2008-жылы Белградда кармалган. Ал ага тагылган айыптарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG