Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Коомдук парламент: Конституцияны өзгөртүү мыйзамсыз


Башмыйзамдын президент тарабынан өзгөртүлүп жатканын талкууга алган Коомдук парламенттин бүгүнкү жыйынында Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча тиешелүү мыйзамдар сакталбай жаткандыгы белгиленди. Анда чыгып сүйлөгөндөр Башмыйзамдын азыр өзгөртүүгө дуушарланып жатышы – президенттин бийликти бекемдеп алуу максаты менен жүргүзүлүп жатат деп айтышты. Мурдагы спикер, юрист, оппозициялык ишмер Мукар Чолпонбаевдин белгилегени боюнча Башмыйзамды өзгөртүү үчүн киргизилген бир эле сунуш өтпөй калса, ал маселе бир жыл аралыгында каралышы керек. Коомдук парламент Конституциянын өзгөртүлүшүнө байланыштуу атайын жумушчу топ түзүп, Башмыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдүн мыйзамсыздыгын көрсөткөн арыз менен Конституциялык сотко кайрылууну тапшырмак болду.

КР Башмыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгеси президент К.Бакиев тарабынан көтөрүлүп, парламентке жиберилген. Парламент бул боюнча корутундусун берүүнү өтүнүп, Конституциялык Сотко кайрылган эле. Конституциялык Сот Башмыйзамдын 52-беренесине “президент өз ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучу кишини Президенттик кеңешме аныктайт” деп өзгөртүү киргизүү сунушун Президенттик кеңешме кеңеш берүүчү гана орган катары чечимге ээ эместигин белгилеп, “Президенттик кеңешме” деген сөз айкашын “Мамлекеттик кеңешме” деген сөз менен алмаштыруу тууралуу сунуш берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG