Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Президент Карзай: Ооганстан "эки беткей саясаттын" кан майданы болбойт


Ооганстан учурда Индия, Пакистан, Иран жана АКШ ортосунда саясый үстөмдүк үчүн жүрүп жаткан таймашта согуш майданы болуп бере албайт. Президент Карзай мындай билдирүүнү Иран жана АКШ бири бирини Ооганстанда “эки беткей” оюн жүргүзүүдө деп айыптагандан кийин жасады. Хамид Карзай Исламабадда Пакистан премьер-министри Юсуф Реза Гилани менен кездешүүдөн кийин талиптер менен тынчсык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүдө Пакистан маанилүү роль ойноорун баса белгиледи.

Индия жана Пакистан 2001-жылы АКШ башындагы күчтөр талиптердин өкмөтүн кулаткандан бери Ооганстанда өз таасирлерин бекемдөө үчүн күрөшүп келет.

XS
SM
MD
LG