Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Бишкекте OK радиосу "Азаттыкты" уктурбай калды


11-мартта Бишкекте OK радиосу «Азаттыктын» кечки саат 18-00, 21деги жана бүгүнкү таңкы программаларын чыгарган жок. Соңку убакта «Азаттык» менен иштешип келген шерик башка теле жана радио компанияларга бийлик тарабынан кысым жасалып жатканы белгилүү. 10-мартта «Манас жаңырыгы» («Эхо Манаса») телекомпаниясы «Азаттыктын» телепрограммаларын берүүнү токтоткон болчу. Ал эми Кызыл-Кыядагы “Роял”, Таластагы “Мост” үналгыларынын жетекчилерине “Азаттыкты” ободон чыгарбоого бийлик тарабынан көрсөтмө болгону кабарланууда. Бул боюнча президенттин катчылыгы, басма сөз кызматы пикирин билдире элек. (AJ)

XS
SM
MD
LG