Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Таиландда өкмөткө каршы демонстрация өтүп жатат


Он миңдеген адамдар башкалаа Бангкокто өкмөткө 24 саат ичинде отставкага кетип, жаңы шайлоо жарыялоосу үчүн кысым көргөзүү максатында чогулушту. Маалыматтарга караганда, Демократия үчүн жана Диктатурага каршы Бириккен фронттун демонстрацияга чыккан жактоочуларынын саны 100 миңге жетет. “Кызыл көйнөкчөндөр” деп аталып жүргөн бул кыймыл 2006-жылы аскерий төңкөрүш аркылуу бийликтен кулатылган мурдагы премьер- министр Таксин Чинаватраны колдойт. Алардын пикиринде, азыркы өкмөт бийликте мыйзамсыз олтурат.

XS
SM
MD
LG