Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Кумариташвилинин жакындарына компенсация төлөнөт


Ванкувер Олимпиадасынын уюштуруучулары грузиялык спортсмен Нодар Кумариташвилинин үй-бүлөсүнө акча төлөп бермей болду. Уюштуруу комитетинин маалымат өкүлү Рене Смит-Валаддын айтымында, каражат менчик камсыздоо программасынын эсебинен берилмекчи. Бирок маркумдун жакындары канча акча алаары айтылган жок. 21 жаштагы Кумариташвили 12-февралда Олимпиада ачылаардын алдында машыгып жаткан жеринен санка трассасынан учуп кетип, каза болгон.

XS
SM
MD
LG