Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Иерусалимде палестиндер полиция менен кагылышты


Кагылышка Израилдин шаардын талаштуу бөлүгүндө дагы кошумча жөөт үйлөрүн куруу пландары шыкак болду. Демонстранттар ошондой эле Эски шаарда илгерки синагоганы кайра калыбына келтирүү иштеринин башталышына нааразы болушууда.
Газ тилкесинде миңдеген палестиндер жүрүш өткөрүштү. Өткөн аптада АКШнын вице-президенти Жо Байден Израилге келгенде Израил өкмөтү Иерусалимдин чыгышында жөөттөр үчүн 1600 батир курула тургандыгын жарыялаган. АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Жорж Митчел Израилге бүгүнкү сапарынан баш тартты. Израилдин өкмөт башчысы Бенжамин Нетаняху бул долбоордун ыңгайсыз мезгилде жарыяланганы үчүн кечирим сурап, бирок курулуш токтотулбайт деди.

XS
SM
MD
LG