Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

АКШ сенаторлору, ЕККУ сөз эркиндигин камсыздоого чакырды


Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун төрагасы, АКШ сенатору Бенжамин Кардин жана конгрессмен Алси Хастинг кыргыз өкмөтүнө кайрылып, эркин маалымат каражаттарынын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды. “Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалына, анын ичинде “Азаттык” радиосунун уктурулуусуна тосмо коюлушуна терең тынчсызданып жатам”,-деп белгилеген Бенжамин Кардин. “Жарандардын эркин маалымат алуусуна тоскоолдук жасоо жана нааразылык акцияларына тыю салуу менен кыргыз өкмөтү ЕККУнун негизги принциптерин бузууда. Мен президент Бакиевди кысымдарды токтотууга чакырам”,-деп кошумчалаган Хастинг мырза.
Сөз эркиндигинин начарлашы, анын ичинде журналисттерди өлтүрүү, журналисттердин өзүн-өзү чектөөсүн күчөтүүдө. Бакиевдин беш жылдык бийлиги учурунда Фридом хаус Кыргызстанды жарым-жартылай эркин өлкөлөр катарынан, эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошту.
(AiT)

XS
SM
MD
LG