Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

“Назар”, “Ачык саясат” гезиттеринин чыгуусуна тыюу салынды


Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан аталган гезиттерди басып чыгарууга тыюу салынды. Буга ушул басылмалардын 16-марттагы санына Равшан Жээнбековдун 17-мартта өткөн Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуусу жарыяланганы себеп болгон. Аталган гезиттерди басуу жана таратуу иши соттук кароого чейин тыюу салынды. Бул тууралуу ушул басылмалардын ээси Бабырбек Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ал кечээ Башкы прокуратурада болгон. Ал жерде ага эки гезитке жарыяланган Р.Жээнбековдун каты президент Курманбек Бакиевге жалган жалаа жаап, анын ар-намысына шек келтирери жана буга байланыштуу сотко берилери маалымдалган.

Өз катында Р.Жээнбеков 2005-жылы Курманбек Бакиев бийликти күч менен басып алганын, Аксы окуясына тиешеси бар экенин, коррупция, үй-бүлөлүк башкаруу күчөгөнүн белгилеген. Б.Жээнбековдун ырасташынча, буга карабай гезиттерди чыгаруу токтотулбайт.

Иш күнү бүтүп калгандыгына байланыштуу бул маалыматты тиешелүү расмий тараптардан тастыктаганга азырнча мүмкүнчүлүк болгон жок. (AiJu)

XS
SM
MD
LG