Ачылыш аземдин алдында мамлекет башчысы Курманбек Бакиев аскерий бөлүктүн командири полковник Махмуд Абдибаитовго салтанаттуу түрдө күжүрмөн байракты тапшырды. Ал Ата Мекендин чектерин коргоо, аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу – эң биринчи жана ыйык милдет экендигин белгиледи. “Өлкөнү жаңылоо багытына ылайык, албан реформалар жүрүп жатат жана аскерий жаат да мындан четте калган жок. Армиянын мындан аркы өнүгүшү дал ушул принципке негизделмекчи”, - деди К.Бакиев. Ошондой эле ал президент өлкөнү реформалоо жана анын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекет көрүп жаткан чаралардын тутумунда аскер адамдарынын социалдык статусун түп-тамырынан өзгөртүү негизги орунду ээлей тургандыгын, аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүлүп жатат, турак-жай маселелерин чечүү мүмкүнчүлүктөрү каралып жаткандыгын белгиледи. Бул тууралуу президенттин катчылыгынан билдиришти. (КЕ)