Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

СДП эркин гезиттердин жабылышын сынга алды


Социал-демократтар партиясы бүгүн “Ачык саясат” жана “Назар” эркин гезиттери бийликтин элге каршы саясатын ачык жазганы үчүн жабылды деп билдирди. Билдирүүдө оппозициялык партия бул кадам соттордун көз карандылыгын, президенттин адам укуктарынын, эркиндиктеринин кепили болбой калганын далилдеди деп жазды.
18-мартта Биринчи май райондук соту аталган эки гезитти Башкы прокуратуранын сунушуна ылайык убактылуу жапкан. Башкы прокуратура мындай сунушту “Назар” менен “Ачык саясат” президент Курманбек Бакиевдин беделине шек келтирген материалдарды жарыялады деп негиздеп, гезиттерге 5 млн. сом айып салууну көздөп жаткандыгы маалымдалган. (BuS)

XS
SM
MD
LG