Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Пакистандагы жардырууда беш киши каза тапты


Өлкөнүн түштүгүндөгү Балучистанда эки бөлөк бомбалоодо курман болгондордун экөө тартип коргоочулар болду. Мунун алдында америкалык тыңчы делген төрт киши өлтүрүлүп, мектептер жардырылган эле. Коогалуу Түндүк Вазиристан уруулар аймагында жашаган төрт киши мындан бир апта мурда уурдалып кеткен. "Азаттыктын" "Машаал Пакистан" үналгысы билдиргендей, төртөөнүн кийин табылган өлүгүндө «Кошмо Штаттарынын пайдасына тыңчылык кылган» деп жазылган кагаз табылган. Анын аралыгында, Түндүк-Батыш Чек ара дубанында эркек балдардын эки мектебин белгисиз куралчандар жардырып кетишти.

XS
SM
MD
LG