Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

“Ак шумкар” партиясы делегаттар менен жолугушууга аракет жасайт


Ынтымак курултайы өтө турган Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында “Ак шумкар” партиясынын демилгеси менен чогулган жарандар өз талаптарын Ынтымак курултайынын делегаттарына тапшырууга аракет жасайт. Бул тууралуу партиянын лидери Темир Сариев бүгүн “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, пикет өткөрүүгө бийлик уруксат берген жок. Ошондуктан активисттер тарифтерди төмөндөтүү, стратегиялык ишканалардын сатылышын, саясий куугунтуктарды токтотуу талаптарын курултай делегаттарына тапшырууга аракет жасашат.(AiT)

XS
SM
MD
LG