Европалык акчанын америкалык долларга карата курсунун төмөндөөсү Евробиримдик карызга баткан Грециядагы кризисти жөндөөнүн жолун талкуулап жаткан учурга туш келүүдө. Кечээ бир евро 1 доллар 33 центке бааланды. Бул евро үчүн 2009-жылдын майынан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Грециядагы экономикалык кризис Евробиримдик лидерлеринин бүгүн Брюсселде башталып жаткан саммитинин күн тартибиндеги башкы маселе.