Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:28

Орусияда бүгүн аза күтүү күнү


29-мартта баш калаадагы метронун эки станциясында болгон кош жардыруудан кеминде 38 киши набыт кеткен. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 64 киши жарадар болду. Кыянаттык үчүн 2 аял жанкечти шектелүүдө. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө албаганы менен, Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников жанкечтилер Түндүк Кавказдын тургундары болушу ыктымал деп билдирди. Президент Дмитрий Медведев жардыруу болгон "Лубянка" станциясына барып, гүл койду. Өкмөт башчы Владимир Путин кылмышкерлер табылат жана жок кылынат деп ишендирди. Дүйнө лидерлери бул кыянаттыкты айыптап, орус бийликтерине көңүл айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG