Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

Өкмөттүн жыйынында фотограф С.Мельников маселеси көтөрүлдү


Бүгүн болгон өкмөт жыйынында премьер-министр Данияр Үсөнов Сергей Мельниковдун Кыргызстан жөнүндөгү фотокитебин чыгарууга бөлүнгөн 100 миң доллар кайда деген маселени койду. Өз кезегинде бул маселе боюнча кылмыш иши козголгону өкмөт башчыга билдирилген. Орус элинин дарегине кескин сындарды айткан деп парламентте айыпталгандан кийин С.Мельниковдун Бишкекте боло турган көргөзмөсү токтотулуп, ал эми маданият министри Султан Раев кызматтан бошотулган. С.Мельниковдун айланасындагы жаңжал быйыл февраль айында чыккан эле.(AiT)_

XS
SM
MD
LG