Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:14

«Азаттык», «Би-Би-Синин» кабарчыларына кол салуу фактысын иликтөө башталды


Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Мекеменин өкүлүнүн айтымында, белгисиз бирөөлөр тартып алган «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Алишер Токсонбаевге таандык диктофон жана фотоаппарат ээсине кайтарылды.

«Азаттыктын» кабарчысы Алишер Токсонбаевдин маалымдашынча, 7-апрелде эртең мененки саат 08.30 ченде Кара-Суу районуна караштуу Чыйырчык ашуусунун этегинде Би-Би-Синин кабарчысы Айбек Абдылдаев экөөн МАИ кызматкери токтотуп, жанындагы жаранчан кийимчен милиция өкүлү документтерин текшерген. Баары жайында экендигин айтып, журналисттерди кое берели деп жатышканда, чекеде турган ондогон олбурлуу жигит жана аялдар кабарчыларга күтүүсүздөн кол салышкан. Аларды МАИ жана милиция кызматкери арачылаганына карабастан, тигилер журналисттерди бөлүп-жарып, ар бирин өзүнчө көптөп жакалап, тепкилеп, мазакташкан. Алишер Токсонбаевдин диктофонун жана фотоаппаратын колун кайрып, күчтөп тартып алышкан.

Жабырланган массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Алайда бүгүн боло турган элдик курултайды чагылдыруу үчүн баратышкан болчу. Алар окуя боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгына дароо арыз менен кайрылышкан. (ATo)

XS
SM
MD
LG