Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

К.Бакиев президенттик кызматын тапшырбайт


Президент Курманбек Бакиев бүгүн “24.kg” маалымат агенттигинин интернет сайты аркылуу билдирүү таратты. “Оппозиция лидерлеринин жоопкерчиликсиз иш-аракеттеринин натыйжасында биздин өлкө эч нерсеге теңдешсиз чоң жоготууга дуушар болду. Эч бир күнөөсү жок адамдар, жаштар, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери каза тапты. Мен бул трагедияга абдан тынчсызданып, каза болгондордун үй-бүлө, жакындарына көңүл айтам. Бүгүн бүткүл дүйнөнүн көңүлү Кыргызстандагы кандуу окуяга бурулду. Бардык эл аралык коомчулукка мамлекеттик төңкөрүш биздин мекендештердин өмүрү менен баалангандыгы белгилүү”, - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле ал бийликти алмаштыргысы келгендер Конституцияга ылайык, укуктук талаа алкагында иш алып баруулары тийиш экенин айткан. "Бийлиги кан менен келген өлкө мамлекеттүүлүгүн жоготуп коеруна Кыргызстандын президенти катары мен көзүм жетет. Мен тополоң салгандарды акылга келүүгө чакырам. Мен президенттик кызматымды тапшырган жокмун жана тапшырбай турганымды билдирем”, - деп баса белгилеген.

К. Бакиев мындан сырткары оппозиция лидерлеринин жоопкерчиликсиз иш-аракеттери абалды мындан да курчутушу мүмкүндүгүн, ички саясий конфликттен улам көзөмөл жоголгонун, ачык моюнга алуу керектигин, республиканын бардык аймактарында талап-тоноо, уурдоо күчөп жатканын айткан. Ал Кыргызстандын Конституциясынын гаранты катары өлкөдөгү чаң тополоң кырдаал үчүн оппозиция лидерлери жоопкер экенин, алардын мыйзамдын негизинде жооп берерин айтып, кыргыз элин чыдамкайлыкка, чагымчылыкка алдырбоого чакырат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG