Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Ошто элдик бийлик орноду


Түштүк баш калаасындагы борбордук аянтка чогулган он миңдеген киши Ош облус губернаторунун жана шаар мэринин элге жолугуп, кызматын тапшыруусун талап кылышты. Сүйлөшүүдөн кийин мэр ордунда калды, губернатор жаңыланды. Андан соң облакимчиликтин ичинде Элдик курултайдын аткаруу комитетинин мүчөсү Асылбек Жээнбековго белгисиз топ кол салып, кармап кетүүгө аракет кылышты эле, бирок жансакчылары ага жол берген жок.

Ош облусунун райондорунан, ошондой эле түштүк башкалаасынан чогулган митингичилер губернатор жана мэр элге жолугуп, кызматын тапшыруусун талап кылышты.

- Биз кудайдык курутун уурдаган жокпуз, мен ушул шаарды rудайдын буйругу менен башкарып, ушул Ошубуз жакшы болсун, ушул жердеги жашоочулар жыргал турмушта жашасын деп аракет кылдым. Эртең президенттик, парламенттик шайлоо болот, эсиңерден чыгарбагыла. Атамбаевди президент кылып шайлайбыз деп агитация кылгандарга мен каршымын. Бирок бүгүнкү күндө мыйзамдуу президент бар. Бири-бирине кыйынсынгандыктан, акылдуусынгандыктан Бишкекте эмне болду? Кан төгүлдү. Бүгүн бийлик талашсак бул жерге бөлөк кишилер пайдаланып келет, - деди Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов.

Элдик курултайдын аткаруу комитетинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асылбек Жээнбеков мындай ойго кошулган жок.

- Кабинетине кирип айттым, Мелис сен жаман иштеген жоксуң, азыр чечип алалы, өткөрүп берели, тополоң болбосун десем. Бир саат дарыланып келейин деп аэропортко барып президентти тосуп алды кечээ. 2-3 саат күтүп туруп кеттим мен ал жерден. Бул бийликти калтырсак, кечээги өлүп кеткен адамдар бизге эмне дейт. Бүгүн башка кырдаал, башка бийлик шайлашыбыз керек.

Ал эми Ош облус губернатору Мамасадык Бакиров буларга токтолду:

- Бул бийликти бошото турган болсок бирге алмаштыралы. Жок, калтыра турган болсок, иштеп бергиле десеңер, биз эл үчүн иштеп келгенбиз, иштей беребиз.

Сөз арасында жергиликтүү аткаруу бийлигинин эки жетекчиси тең убактылуу Өкмөт менен иштешүүгө ынтызар экендиктерин билдирип, а түгүл аларга артылган ишеничти толук актоого убада кылышты.

Кара-Суу районунун тургуну Кушбак Тезекбаев чогулгандарды калыстыкка чакырды:

- Кийин өтө кооз сөздөргө алданып калбайлы.

Ал эми айрым митингичилер жергиликтүү бийликтердин да толук жаңылануусун талап кылышты:

- Мурунку бийликтегилердин баары иштен кетиш керек, - деди Ош шаарынын жашоочусу Алымбай Кадыров.

Ошого карабастан колго салганда Ош шаар мэри Мелисбек Мырзакматовду көпчүлүк жактап, ордунда калды. Губернатор Мамасадык Бакиров кубаттоо таппай, жумушунан бошоду. Анын ордуна жаңы уюшулган Ош облустук координациялык кеңештин төрагалыгына Сооронбай Жээнбеков шайланды.

Ушундан кийин облакимчиликтин ичине кирген Элдик курултайдын аткаруу комитетинин мүчөсү Асылбек Жээнбековго белгисиз топ кол салып, кармап кетүүгө аракет кылышты эле, бирок жансакчылары ага жол берген жок.

Ошентип, жергиликтүү бийликтин айтымында, Ош облусунун жети районунда тең элдик бийлик орнотулуп, акимдер жаңыланды. Кырдаал такай көзөмөлдө турат:

- Бишкектегидей талап-тоноочулук болбош үчүн элдин ичинен дружина түзүп, ички иштер органдары да иштеп атышат, - деди маектешибиз Ош облустук координациялык Кеңештин төрагасы Сооронбай Жээнбеков.

XS
SM
MD
LG