Президент Махмуд Ахмединежад бул тууралуу Ирандын сыналгы каналындагы интервьюда айтты. Ал Американын президенти Барак Обама шайлоо алдында “өзгөрүү” жөнүндө убада бергенин эске салып: “Иран менен мамилени жакшыртуу Обама үчүн ошол убадасын аткаруудагы жалгыз саясий кадам болуп калмак”, - деди. Махмуд Ахмединежаддын ишениминде, Иран менен мамилени оңдобосо, Обама бийликте кала албайт.