Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Беларус элчилигинин алдында пикет өтөт


Бул тууралуу «7-апрель» кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, түрдүү маалыматтарга караганда Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын кулатылган мурдагы президенти Курманбек Бакиевге баш калка берери айтылууда. Андыктан, кыймылдын мүчөлөрү Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына чогулуп, К.Бакиевге баш калка бербөөнү талап кылышат. Ошондой эле алар АКШ, Орусия, Казакстан жана эл аралык уюмдарды 7-апрель окуясы боюнча эл аралык комиссия тыянагын чыгаргандан кийин К.Бакиевди Бишкекке алып келүүгө жардам берүүлөрүн, кандуу окуя боюнча эл аралык соттун Бишкекте өтүшүн өтүнүшөт. Ө.Токтоназаровдун айтымында, пикет дүйшөмбү же шейшембиде өтмөкчү. (IJz)

XS
SM
MD
LG