Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Башмыйзамды редакциялоо боюнча комиссия курамы бекитилди


Убактылуу өкмөттүн бүгүнкү буйругу менен Башмыйзамды редакциялоо боюнча комиссия курамы бекитилди. Анын курамына кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Кадыралы Коңкобаев, таркатылган Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана спорт боюнча комитетинин башчысы Абдыкадыр Султанбаев, котормочулар Турсунияз Досалиев жана Адина Боронова, Жогорку Кеңеш Аппаратынын кызматкерлери Жаңыл Сулайманова менен Жумагүл Карагулова кирди. Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. (EK)

XS
SM
MD
LG