Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Дүйнөдө журналисттердин өлүмүн иликтей албаган өкмөттөр аталды


Тизмени Журналисттерди коргоо комитети деп аталган эларалык уюм кечээ жарыялады. Биринчи орунда Ирак турат. Бул өлкөдө акыркы 10 жылда 88 журналист киши колдуу болду. Бирөөнүн да иши ачыла элек. Экинчи орунга аскерий конфликттин курчоосунда калган Сомали коюлду. Анткени бул мамлекетте 10 жылда тогуз журналист өлгөн болсо, биринин да иши аягына чыкпады. Орусияда 2000-жылдан бери өлтүрүлгөн журналисттердин ичинен 18 адамдын иши дале ачыла элек. Ошондуктан бул өлкө сегизинде орунга коюлду. Жалпысынан 12 мамлекеттеги абал изилдөөгө алынган.

XS
SM
MD
LG