Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Кыргыз-казак чек арасы ачыла элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын нөөмөт бөлүмүнөн кабарлашты. 7-апрелден бери кыргыз жарандары чек арадан Казакстандын аймагына өткөрүлбөй, ал эми Казакстан тараптан келген Кыргызстандын жарандары өз өлкөсүнө өткөрүлүп келген. Буга чейин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү чек араны ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын, ушул дүйшөмбүдө ачылып калышы мүмкүндүгүн маалымдашкан.
Өткөн апта соңунда ишкерлер Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаеванын катышуусунда тегерек үстөл жыйынын өткөрүп, алар Казакстан менен иштешип аткан ишкерлер жабыр тартып жатканын билдиришкен. Роза Отунбаева болсо бул маселе боюнча эки өлкөлөрдүн өкмөттөрү ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканын белгилеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG