Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Бишкек – Ош жолу тосулууда


Жол Майлы – Суу шаары менен Ноокен районун Бүргөндү айлынын ортосундагы Кыпчак талаа деген жерден тосулууда. Жол тоскондор мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин абактан бошотулуп, аларга алынып келинишин талап кылышууда. Мунун алдында кечээ Москвада Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалган Молдомуса Конгантиев Бишкекке жеткирилип, Улуттук коопсуздук кызматынын абагына киргизилгени белгилүү болгон эле. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев Бишкекте дарыланып жаткан мурдагы ички иштер министринин Москвага кандайча барып калганы түшүнүксүз экенин белгилеп, аны кармап бергени үчүн Орусияга ыраазычылык билдирди. Утурумдук өкмөт башчынын төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат башчысы Эдил Байсалов Молдомуса Конгантиевдин тергөө үчүн мааниси тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде буларды белгиледи:

-Молдомуса Конгантиев абдан маанилүү күбө. Өлкөбүздө акыйкаттык орносун десек, Молдомуса Конгантиев акыркы беш жыл боюнча кандай маалыматы болсо, ошол маалыматты айтып берүүсү керек. Бул анын жарандык милдети десек да болот.

Молдомуса Конгантиев 6- апрель күнү Таласта демонстранттар тарабынан катуу сабалган болчу. “Азаттык” радиосунун Жалал -Абаддагы кабарчысынын билдиргенине караганда, жол тоскондордон 500дөй адам акциясын түндө да уланта турган болууда. Жол жабылганынан улам анын Жалал – Абад тарабында эле болжол менен 500дөй унаа топтолуп калган. (UE)

XS
SM
MD
LG