Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Орусия Катынь токойундагы кыргыны боюнча жашыруун документтерди жарыялады


Өлкөнүн мамлекеттик архивин башчысы Андрей Артизовдун билдиргенине караганда, 1940-жылы поляк офицерлеринин кырылуусуна тиешелүү, мурда жашыруун болуп келген документтер президент Дмитрий Медведевдин буйругу боюнча жарыяланды. 1939-жылы СССР Польшанын чыгышына кол салгандан кийин 40-жылы Орусиянын батышындагы Катынь токойунда жана башка жерлеринде совет жетекчилигинин буйругу менен 22 миңдей поляк офицери жана интеллектуалдары атылган.

2004-жылы Орусиянын аскерий прокуратурасы тергөөнү токтотуп, бул кыргынды аскерий кылмыш деп таануудан баш тарткан эле. Өткөн аптада Орусиянын Жогорку соту адам укуктары боюнча Мемориал кыймылынын арызынан соң кыргын боюнча жашыруун маалыматтарды жарыялоого жол ачкан чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG