Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Алматыдагы интернет форумда Кыргызстандагы окуялар талкууланды


Казакстандын Алматы шаарында “Борбор Азиядагы интернет тармагын өнүктүрүү” аттуу форум өз ишин баштады. 2 күнгө созула турган форумдун жүрүшүндө интернет тармагындагы коопсуздук, сөз эркиндиги, интеллектуалдык менчикти коргоо өңдүү маселелер талкууланып жатат. Форумга катышып жаткан “Азаттыктын” интернет редактору Зейнеп Алтымышованын айтымында, жыйында Кыргызстанда 7-8-апрель күндөрү болгон окуялар да катышуучулардын кызыгуусун жаратып, бул тууралуу да сөз болду. Форумдун ишин ачып жатып, Германиянын Казакстандагы элчиси Райнер Ойген Шлагетер учурда Германияда да интернеттеги сөз эркиндиги кайсы жерден бүтүп, кайсы жерден баш аламандык башталары тууралуу талкуулар кызуу жүрүп жатканын белгиледи. Форумду Media Net эл аралык журналистика борбору, ЕККУ жана Казакстандын Медиа альянсы уюштурду. (ZMa)

XS
SM
MD
LG