Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Кыргыз-казак, кыргыз-өзбек чек аралары жабык бойдон турат


Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, кыргыз-казак, кыргыз-өзбек чек аралары жабык бойдон калууда. Маалыматка караганда, Кытай 1-Май эмгекчилердин эл аралык майрамына карата чек арасын 4-майга чейин жапкан. Ал эми Тажикстандын чек арасында кадимки режимде иш жүрүүдө. Чек ара кызматы чек аралар качан ачылаары тууралу маалымат алдын ала айтылаарын билдирди.

Мамлекеттик чек аралар казак жана өзбек тараптардын демилгелери менен 7-8-апрелдеги окуяларга байланыштуу кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG