Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Ошто милиция күчөтүлгөн режимде иштөөдө


Ош облустук ИИБ жетекчисинин милдетин аткаруучу Абдылда Капаров «Азаттыкка» билдирген маалыматка караганда, бардык райондордо тосмолор уюштурулуп, текшерүү күчөтүлдү. Учурда издөөдө жүргөн экс-президенттин жакындарын жана таламдаштарын, ошондой эле бир нече күндөн бери улуттар арасындагы ынтымакчылыкка чагым салгандарды кармоо аракеттери жасалууда.

Ошол эле кезде «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев издөө жарыяланган кишилердин бирөө дагы кармаларына ишенбей турганын билдирди. Анткени, анйн айтымында, чагым салып жаткан бакиевчилер дагы эле чоң-чоң кызматтарда олтурушат. (ATo)

XS
SM
MD
LG