Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Украин президенти Орусия менен Украинанын газ компаниялары биригүүсүнөн күмөн санайт


Виктор Януковичтин билдиргенине караганда, ал Орусиянын “Газпромду” Украинанын “Нафтогазы” менен бириктирүү сунушун колдобойт. Янукович орус өкмөт башчысы Владимир Путиндин өткөн аптадагы сунушун “күтүүсүз” деп баалады жана бул Украина идеяны карап көрөт дегенди туюндурбасын белгиледи. Орусиянын “Газпрому” Украинанын “Нафтогазынан” кыйла чоң жана эки компаниянын биригүүсү Москвага Украинанын газ активдерин көзөмөлдөөсүнө жол ача тургандай, Бул аралыкта Евробиримдиктин энергетика боюнча башкы өкүлү кечээ алар “Газпром” менен “Нафтогазды” бириктирүү сунушун талкуулоого аралашпай турганын, бул Москва менен Киев чечүүчү маселе экендигин айтты.

XS
SM
MD
LG