Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:40

Ошто жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары иш таштады


Ош - Эркеч-Там жолунун боюнда жүзгө чукул айдоочу иш таштоодо. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдирди. Айдоочулар кытайлык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга киргизилишинен улам жумушсуз калып жатканын белгилешип, аларга тыюу салууну талап кылып жатышат. Иш таштаган айдоочулардын өкүлү Нурлан Шананов Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага кат жолдошконун, бирок жооп боло элегин кабарлаган. Иш таштагандар талаптар аткарылбаса башка чараларга барарын белгилешүүдө. Кыргызстандык айдоочулар Кытайдан жүк ташып иштечү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG