Пакистан бийликтеринин кабарлашынча, өлкөнүн түндүк-батышындагы Оракзай регионунда болгон катуу айкашта өкмөттүк тогуз аскер окко учуп, талиптер 30 желдетин жоготкон. Бул Ооганстанга чек аралаш жарым автономиялуу аймакта эки ай мурда өкмөттүк күчтөрдүн чабуулу башталгандан берки эң кандуу салгылашуу болду.