Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Ф. Ниязов: К. Бакиевдин тарапкерлерин калың эл колдобойт


Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Фарид Ниязов “Азаттыкка” Ошто облусттук администрацияны басып алган мурунку президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары коомчулукта калың колдоого ээ эмес, деп билдирди. Аймакта жергиликтүү бийлик калыбына келерин, азыр убактылуу губернатордун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков ишин улантып жатканын баса белгиледи. Оштогу кабарчыбыздын билдиришинче, азыр ушул тапта мурунку губернатор Мамасадык Бакиров менен Сооронбай Жээнбеков баштаган топ сүйлөшүп жатышат. Мындан мурдараак К. Бакиевдин беш жүздөй тарапкери облустук администрацияны басып алышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG