Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

“Манас” аэропортунун мурдагы президенти Б.Сыдыковго кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Бактыбек Сыдыковго Кылмыш Жаза Кодексинин 303-беренеси “Коррупция” боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматка караганда Б.Сыдыков жооптуу кызматта иштеп турган учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып "Манас" эл аралык аба майданынын кол астында “Аалам Сервис” компаниясын түзүп, ал аркылуу 250 876 000 сомго мыйзамсыз күйүүчү майды саттырып, 2006-жылдан бери “Аалам Сервис” аркылуу жылына 180 миллион сом акча каражатын алып турган.

Бактыбек Сыдыков менен Директорлор кеңешинин мыйзамсыз иш аракеттеринин натыйжасында "Манас" эл аралык аэропортуна 150,0 миллион сомдук ири зыян келтирилген.

13-майда Бишкектин Ленин райондук соту Б.Сыдыковду камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул боюнча учурда иликтөө иштери жүрүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG