Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:28

Бишкектеги жөө жүрүш аяктады


Убактылуу өкмөттү колдогон жана жалпы элди тынчтыкка, биримдикке чакырган коомдук уюмдар уюштурган жөө жүрүш Жогорку Кеңештин алдында соңуна чыкты. Эки миңдей адам Бишкектин Тынчтык көчөсүндөгү Ормон хандын эстелигинин алдынан тартып парламенттин алдына чейин барышты. Жогорку Кеңештин алдына чогулгандарга Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева чыгып сүйлөп, жалпы элди биримдикке чакырып, тынчтык максатындагы жөө жүрүшкө катышкандарга ыраазычылыгын билдирди. Андан соң чогулгандар тынч таркап кетишти. (IJz)

XS
SM
MD
LG