Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкенге караганда, белгисиз адамдар менен 12-13-майда Кыргызстандын аймагында массалык баш аламандыкты пландаштырып, уюштургандыгы үчүн Үсөн Сыдыковго кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө Үсөн Сыдыков Коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев, “акжолчу” 40 депутат жана башка адамдар менен сүйлөшүп, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында баш аламандык уюштуруу менен бийлик өкүлдөрүн барымтага алып, саясий талаптарды коюу аракеттери аныкталган. Алар өлкөдөгү саясий баш аламандыкты пайдаланып Искак Масалиевди Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлоо менен бийликти басып алууга аракет кылышкан.
Анын кесепетинен 13-майда Ош, Жалал-Абад, Баткенде баш аламандык болуп, облустук администрациялар басып алынып, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү И.Исаковду, А.Бекназаровду, Д.Чотоновду жана С.Жээнбековду барымтага алууга даярдык көрүлгөн. Жыйынтыгында Жалал-Абаддагы баш аламандыктан 63 адам жабыркап, 32 адам октон жаракат алып, 2 адам каза болгон.
Мындай баш аламандык уюштурууга шектүү делген Үсөн Сыдыков менен Искак Масалиев 14-майда кармалып, УКМКнын абагына камалган. Аларга Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык баш аламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошол эле учурда “Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү партия төрагасы Үсөн Сыдыковдун айыбы жоктугун айтышса, Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөлөрү Искак Масалиевдин камалышын саясий куугунтук катары баалашууда. (AJ)