Тийиштүү резолюциянын долбоору кечээ Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине киргизилди. "Резолюциянын долбоору мурдагы санкцияларга негизделет жана аларды ого бетер күчөтөт", -деп билдирди АКШнын туруктуу элчиси Сюзан Райс. Документте каралгандай, Ирандагы финансы институттары менен ишканаларына катаң жазаналар салынат, Тегерандын атом программасы үчүн жүк ташыган эл аралык бардык кемелер текшерүүгө алынат.