Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

“Бүтүн Кыргызстан” улуттук макулдашуу хартиясына кол коюуга чакырат


Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Кыргызстандын элине жасаган кайрылуусунда айтылат. Кайрылууда саясый күчтөрдү, анын ичинде Убактылуу Өкмөттү тез арада сүйлөшүүлөр үстөлүнө олтуруп жана улуттук макулдашуу Хартиясына кол коюуга чакырык таштаган.

“Республикадагы коомдук-саясый кырдаал убактылуу өкмөттүн абалды көзөмөлдөп жаткандыгына ишендиргендигине карабастан барган сайын начарлап баратат. Коомдо туруктуулукту бүлдүргөн негизги фактор болуп улам начарлап жаткан социалдык-экономикалык кырдаал, күчөп жаткан каатчылыктын тушунда саясат жүргүзүүдөгү убактылуу өкмөттүн катачылыктары, саясый партиялардын жана кыймылдардын айрым жетекчилеринин текебердиги, өлкөнү андан ары өнүктүрүү жолу жөнүндө коомдук бир пикирдин жоктугу негизги факторлордон болуп саналат. Ушулардын бардыгы өлкөнү жарандык согуштун, региондук жиктелүүнүн, акыр аягында кыргыз мамлекеттүүлүгүн жоготуп алуу коркунучуна барып такады,”- жазылат кайрылууда.

Ошондой эле партия жетекчиси Адахан Мадумаров татаал кырдаалда бардык саясий партиялар, коомдук жана укук коргоо уюмдарын биригүүгө чакырып, улуттук макулдашуу форуму мүмкүн болушунча тез арада чогулууга тийиш деп жазылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG