Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Нарын облусунда үч райондун акимдери алмашаары күтүлүүдө


Мындай маалыматты “Азаттыкка” облус губернаторунун милдетин аткаруучу Адыл Эсенбеков билдирди. Ал учурда облусту кыдырып жүрөт. Жумгал районун акиминин милдетин аткаруучу Мырзабек Бегалиев арыз жазып бергендиктен ордуна мурдагы жеке ишкер Арстан Ногойбаев, Нарын районуна Тазабек Мамыровдун талапкерлиги Убактылуу өкмөткө сунушталууда. Алдыда Ат-Башы районунун акиминин милдетин аткаруучунун да орду каралышы мүмкүн. А. Эсенбеков мындай дайындоолор ал жерлердеги эл менен макулдашылып жүрүп жаткандыгын кошумчалады. (JI)

XS
SM
MD
LG