Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:58

ЕврАзЭШтин бажы кызмат жетекчилери Оруcияда жыйын курууда


ЕврАзЭШтин баажы кызмат жетекчилер кеңеши бүгүн 38-жыйынына чогулууда. Жыйын Орусиянын Краснодар аймагындагы Ольгинка кыштагында өтүп, ага Евразиялык экономикалык коомчулугуна мүчө: Орусия, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикистандын бажы кызматтарынан өкүлдөр катышууда. Жыйындын күн тартибинде ЕрАзЭШке мүчө өлкөлөр үчүн бажы транзитин көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү автоматташтырылган информациялык система түзүү жана жалпы товардык номенклатура боюнча макулдашуу маселеси коюлган. Кыргызстандан бул жыйынга Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов жана эксперт Касым Алышпаев катышууда. (EK)

XS
SM
MD
LG