Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Фридом Хаус дүйнөнүн эң репрессиясыл коомдорунун тизмесин жарыялады


Демократия менен адам укуктарынын абалына байкоо жүргүзүү менен алектенген Фридом Хаустун пикиринде, дүйнөнүн эң жаман деп эсептелген Бирма, Түндүк Корея, Сомали өңдүү он мамлекетинин катарына Борбор Азиядан Өзбекстан жана Түркмөнстан да киргизилген. Уюм тараткан пресс- релизде белгиленгендей, “Жамандардын жаманы: Дүйнөнүн эң репрессиячыл коомдору” деген тизмедеги мамлекеттерде жарандардын фундаменталдык укуктарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе, өз алдынча ойлонгондор катуу жазаланат, оппозициячыл ишмердикке такыр эле тыюу салынган же ага бир аз гана уруксат берилген. Ал эми “Жамандардын жаманы” тизмесине киргендердикине салыштырмалуу Фридом Хаус абалы кичине дурус деп санаган сегиз мамлекеттин катарында Беларус, Кытай, Куба, Сауд Аравия бар.

XS
SM
MD
LG