Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Кыргызстанда расмий түрдө катталган 1116 бала мектепке барбайт


Ал эми мектепти таштап кетип каттоодон өтпөгөн балдардын саны абдан эле көп. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстанда балдардын укугу боюнча улуттук докладда айтылды.
Докладды талкуунун жүрүшүндө балдардын укугун ата-энелер өздөрү бузуп жатканы белгиленип, кароосуз калган балдарды баккан мамлекеттик балдар үйлөрүндөгү 80 пайыз балдардын бирден атасы же энеси бар экендиги белгиленди. Ошондой эле жаш балдарды кара жумушта иштетүү күч алгандыгы айтылды.
Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары жана балдар укуктары боюнча жыйынында Кыргызстандагы балдардын укуктары тууралуу доклад угулат. (AJ)

XS
SM
MD
LG