Америкалык өкүлдөр булуңдун түбүндөгү түтүктүн сыныгынан оргуштап чыгып жаткан мунай-газды сордуруп алууда айрым жылыш бар экендигин кабарлашты. АКШнын Жээк Кайгуулунун адмиралы Тад Алендин билдиришинче, британиялык БиПи корпорациясы сынган түтүккө жаптырган калпак аркылуу бир күндө алты миң баррел мунай сордурулуп алынды. Бирок бул ысык булактан күндө атып чыккан 20 миң баррелге чукул мунайдын үчтөн биринен да аз. БиПи бургулаган мунай кууру мындан 47 күн мурда жырылып кеткенден бери, мунай АКШнын төрт штатынын жээктерин булгап, бул - өлкөнүн тарыхындагы эң ири мунай капсалаңы болуп калды.