Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Токмоктогу жарылуудан төрт киши жаракат алды


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы Чүй облустук ооруканасынын башкы дарыгери Бакыт Болотбековдун сөзүнө таянып, маалымат таратты. Ага караганда, Токмок шаарындагы "Мега-Сити" соода борборундагы жарылуудан жапа чеккендерге тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Аларга айнектин сыныктары тийгени айтылууда.

Бүгүн кечки саат алтылар чамасында аталган соода борборунда жардыруу болгон. Кийинчерээк Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул жерде кол гранатасы жардырылганын, аны ким ыргытканы азырынча белгисиз экенин маалымдаган. Бактыга жараша жардыруудан адам өмүрү кыйылган жок.

Ички иштер министрлиги болсо учурда соода борбору милиция тарабынан курчоого алынганын жана окуянын күбөлөрү суралып, иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлады. (SM)

XS
SM
MD
LG