Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Москвада ЖККУнун Коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны болду


Анда уюмга мүчө алты өлкөнүн Коопсуздук кеңеш катчылары Кыргызстандагы кырдаал боюнча консультация өткөрүштү. Кыргызстандан жыйынга өлкөнүн ЖККУдагы өкүлү катышты. РИА - Новости жаңылыктар агенттиги Орусиянын Коопсуздук кеңешнин катчысы Николай Патрушевге шилтеме жасап кабарлаганына караганда, жыйында Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча чаралар макулдашылды. ЖККУнун башкатчысы Николай Бордюжанын айтымында, “азыркыдай кырдаалда мүмкүн болгон чаралардын баарын көрүү зарыл”. Бирок Бордюжа белгилегендей, “аракет көрүүдөн мурда жакшылап ойлонуу керек”. Кыргызстандын жаңы уюшулган Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов Москвадагы жыйындан кийин “Азаттыкка” буларды айтты:

-ЖККУнун алкагында талап кылынган жардамдын баары көргөзүлөт. Ал эми күч колдонуу маселеси ачык бойдон калууда.

Алик Орозов кошумчалагандай, кечээ ЖККУнун дарегине Кыргызстандан жиберилген акыркы өтүнүчтө аскер жөнөтүү жөнүндө суралган эмес. Коопсуздук кеңеш катчыларынын Москвадагы кеңешмесинде макулдашылган чаралар эми уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери тарабынан жактырылуусу керек. Орус президенти Дмитрий Медведев бүгүн Коопсуздук кеңеш катчыларынын сунушун кылдат иликтеп чыгарын белгилеп, бирок аскерий күч жөнөтүүгө азырынча барбасын ишара кылды.

“Эгер кырдаал курчуп кетсе ЖККУнун Коопсуздук кеңеш катчыларынын дагы бир жыйынын же ЖККУ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын чукул жыйыны чакырылышын жокко чыгарбайм”,- деди Медведев. ИТАР – ТАСС агенттигинин кабарына караганда, Медведев бул тууралуу Чеченстандагы жумушчу сапарынан кайтып келе жатып айткан.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө.

XS
SM
MD
LG