Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:45

Ж.Молдокулова: Бакиевдердин түштүктөгү окуяны уюштурууга мүмкүнчүлүгү жок


Мурдагы президент Курманбек Бакиевди коргоо комитетинин мүчөсү Жанара Молдокулова “Азаттык” менен байланышып, Ош жана Жалал-Абаддагы тополоңду Бакиевдер уюштурду деген маалымат чындыкка жатпай турганын билдирди. Анын айтымында, К.Бакиев комитеттин мүчөлөрү менен тез-тез байланышып турат жана кыргыз-өзбек улутундагыларды тычтыкка чакырып, кырдаалды турукташтыруу үчүн салым кошууга үндөгөн. Ошондой эле ал айрым маалымат булактарында Жусуп Бакиевдин уулу Санжар Бакиевдин кармалганы тууралуу маалымат жалган экенин, С.Бакиев атасынан үйү өрттөлгөндөн кийин чет өлкөгө чыгып кеткенин билдирди.

Ошондой эле комитет өкүлдөрү Максим Бакиевдин кармалышы боюнча эл аралык маалымат каражаттарына кайрылып, “бул такталбаган маалымат” деген жооп угушканын кошумчалады. “Мындан сырткары Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаеванын “кандай болгон күндө да референдум өтөт” жана УККнын орун басары, Жалал-Абад боюнча комендант Кубатбек Байболовдун “Убактылуу өкмөттү сактоого бардык аракеттер көрүлөт” дегенине эл нааразы болуп, жини келүүдө”, - деп билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG