Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Жалал-Абадда айрым райондордо кырдаал кооптуу


Бул тууралуу 16-июнда билдирген Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука, Токтогул райондорунда жана Жалал-Абад шаарында абал кооптуу бойдон калууда.
Алдын ала маалыматтарга караганда эки тараптан 40 автомат, 70 мылтык, көптөгөн өрттөөчү суюктук, темир таяктар алынган.
Баш аламандык учурунда 280 турак жай, мамлекеттик 3 мекеме, 127 дүкөн жана соода түйүндөрү, 2 базар талкаланган.
16-июнга карата чек ара аймактарда 15 миңден ашуун качкын топтолгон. 12 миңден ашуун качкын чек арадан чыгып кетишкен.
Учурда Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жергиликтүү жана укук коргоо органдары менен эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG