Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Токон Мамытов “Кыргыз жери” партиясына кошулганын четке какты


Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов азырынча бир дагы партияга мүчө эместигин, кайсы партия менен парламенттик шайлоого баруу тууралуу чечим кабыл ала электигин “Азаттыкка” билдирди. Ал “Кыргыз жери” жана башка партиялардын лидерлери менен сүйлөшүүлөргө гана катышканын, анда парламенттик шайлоону чыр-чатаксыз өткөрүү, улуттар ортосундагы биримдик, өлкөдө тынчтыкты сактоо боюнча маселелер талкууланганын кошумчалады.

Мындан эки күн мурда “Азаттыктын” кабарчысына буга чейин таратылган Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев Токон Мамытов менен алдыдагы парламенттик шайлоого “Кыргыз жери” партиясы менен баруу тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун билдирген эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG