Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Кырдаалды турукташтыруу боюнча комиссия түзүлдү

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Мындай жарлыкка президент Роза Отунбаева кол койду.

Аталган комиссияга 10-августка чейин эл аралык, бейөкмөт уюмдардын жана башка кызыктар органдар менен бирге этонстор аралык карым-катнашты бекемдөө, кырдаалды турукташтыруу боюнча программа иштеп чыгуу тапшырылды.

Бүгүн вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева аталган комиссиянын алгачкы жыйынын өткөрүп, комиссия ишке киришти. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)
XS
SM
MD
LG